Камчыбек Ташиев: "Баткендеги чек ара маселесине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурушубуз керек"
Бүгүн, 24-июнда Баткен шаарында камактан бошотулган "ата журтчу" депутаттардын тарапташтары менен жолугушуусу болду. Борбордук аянтка чогулган миңдей адамдын алдына Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов чыгып сөз сүйлөп, аларга ыраазычылык билдиришти. "Баткендеги чек ара маселеси жалпы республиканын көйгөйү. Муну мамлекеттик деңгээлде карап чечишибиз керек. Акыйкаттык бар экен, биз акталдык. Эми чек ара сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылабыз",- деди Ташиев. Тынчтык митинги концерттик программа менен коштолуп, фейерверк аттыруу менен аяктады. Учурда элдер тарап жатышканын аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажыбай кызы кабарлады.