Бүгүн Жогорку Сот Садыр Жапаровдун ишин карайт

Бүгүн, 5-июнда саат 14:00дө абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралат. 29-майда соттук коллегия толук курамда келбегенине байланыштуу сот отуруму 5-июнга жылдырылган.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов бул өкүмгө нааразы болуп, Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
dinar-87
2018-06-05 08:40:07
Бугун деле жылдырышат бироосу ооруп калат же дагы Бир нерсени айтып жылдырышат.
+8
Ali-han
2018-06-05 09:16:37
Ыйык орозо айында актап чыгарсаңар жакшы болмок. Кудай баарын көрүп турат
+6
Nurik-88
2018-06-05 09:19:28
Ушул акталбаса Жээнбеков элдин колдоосунан кол жууду дей бер.
+6
Altysh_Boldush
2018-06-05 10:37:05
Садыр жапаров акталып чыга Турган болсо. Жээнбековко бир аз болсо да ишенип пайда молмок элдин
+9
Nurik1988
2018-06-05 10:57:06
Дагы деле сооттор бийликтин буйругу менен иш алып бара жатат болобосо уже акталып кетиш керек эле. Куносу деле жок экен каптагаев доом жок дегенден кийин болдуда
+1
gulu1991
2018-06-05 11:03:43
Ушунун ордуна миллиондогондорду жеп качырып отурушат куноосу жок кармашат ХХХХХХХХ
+5
Dembele84
2018-06-05 11:17:37
gulu1991,хахаха ХХХХХХХ
+1
admin_superstan
2018-06-05 12:38:47
Dembele84, gulu1991, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
-1
nemo2016
2018-06-05 11:15:31
Садыр жапаровго боштондук
+4
Asko777
2018-06-05 11:21:05
Акталып чыкса чындап сүйүнмөкмүн
+5
Asko777
2018-06-05 11:24:47
Жапаровду чыгырышпаса кумтөрдүн акчаларынан Жээнбеков да жеген экен деп биле бергиле
+8
33SUUN
2018-06-05 13:00:58
Саясий буйрук менен камалгандарды жакынкы жылдары эркиндике чыгат деп умут кылбай эле тургула.Акталып чыкканы жакшыго бирок кимдин буйругу менен камалганын элдин баары эле билишет.
+1
talaa11
2018-06-05 13:10:33
Боштондук Садыр Жапаровко
+3
BekAmir
2018-06-05 14:35:22
Акталсын
0
007bond
2018-06-05 17:44:57
Эмне болду экен акталды бекен я?
0
Crystal
2018-06-05 22:09:29
Жапаров не болду экен Айтпай атышатко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан