Ош шаарынын төрт жерине жаңы жол чырактар орнотулду

Ош шаарынын төрт жерине жаңы жол чырактар орнотулганын шаардагы Атайын монтаж-эксплуатация башкармалыгынын жетекчиси Бекмырза Эргешов билдирди. Жол чырактар шаардын Осмонов, Санкт-Петербург - Мамыров, Петров - Исанов, Өскөнбаев - Айтиев көчөлөрүнүн кесилишине коюлду. "Бул жабдуулар унаа көп жүргөн көчөлөрдүн кесилишине орнотулду. Эми айдоочулар жол эрежелерин бузушпаса, аталган көчөлөрдө автокырсыктардын саны азаят деген ойдобуз",- дейт Эргешов. Жол чырактарды орнотууга 1 миллион 200 миң сом жумшалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан