Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү тургун ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул туураалуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясынын кайык станциясында ири өлчөмдө баңгизаты мыйзамсыз сакталып жатат деген ыкчам кабар түшкөн. Аталган жерди текшерген учурда капка салынган спецификалык жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Ал эми баңгизат 35 жаштагы жергиликтүү тургун А.Резванга тиешелүү экендиги аныкталган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган баңгизаты марихуананын түрүнө кирет жана контролдук өлчөө жүргүзгөндө, анын салмагы 30 киллограммды түздү. Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 246-беренси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.