super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: "Мыкты жигиттер" тасмасындагы ролу менен дүйнөгө таанылган түштүк кореялык актёр, музыкант Ким Хён Жун 32 жашка толду

 

Бүгүн түштүк кореялык актёр жана ырчы Ким Хён Жун 32 жашка толду. Ал 1986-жылы 6-июнда Сеулда төрөлгөн.

Хён Жун тасмага келерден мурун, 2005-жылы беш жигиттен турган “SS501” ырчылар тобун негиздеген.

Күйөрмандар балдардын ар бирине лакап ысым арнап, ал эми Хён Жунду “красавчик” деп атап алышат. Бирок өзүнө бул лакап аты жакпайт. “Сырткы көрүнүшүмө карап жагымдуу жигиттерге таандык ролду бергендерин туура көрбөйм” дейт. Топ бат эле Түштүк Кореяда популярдуулукка жетип, акырындык менен коңшу өлкөлөрдү да багынта баштайт. Хён Жун жеке ырчы катары иштеп кете аларына көзү жетип, 2011-жылы топтон кетет. Аталган топтун курамындагы жигиттер дагы өз алдынча кетишкен. Бирок алар качандыр бир мезгилде кайра топко кайтып келерин айтып келишет.

Хён Жун Кйонгги университетин аяктап, бош убактысында гитара чертүү, пианинодо ойноо жана бийлөө менен алектенген. Жеке ырчы катары бир нече альбомдорун жаздырып, дүйнөлүк чарттардын катарынан орун алган.

Музыкант катары таанылган Хён Жундун актёрдук тушоосу 2009-жылы кесилет. Тагыраагы, киножаратуучулардан ырчыга "Мыкты жигиттер" тасмасына тартылууга сунуш түшөт. Аталган фильм дүйнөгө тарап, ырчынын кинодогу алгачкы кадамы ийгилик менен коштолот. Ушул тасмадагы ролу үчүн Сеулда өткөн кинофестивалда эң мыкты актёр деп табылат. Киножаратуучулардын кылтагына илинген Хён Жун "Күлкүлүү өбүшүү”, "Шаарды басып алуу", “Бийиктиктерге жете кыялдан”, "Жаштардын мезгили" тасмаларында роль жараткан.

Дүйнөгө таанымал көз күйдүргөн бойдоктордун катарында Ким Хён Жун дагы бар. Жергиликтүү маалымат агенттиктери атагы арткан актёрдун сүйүү романдары тууралуу маалыматтарды жазып келет. Бирок Хён Жун азыр үй-бүлө курууга даяр эмес экенин айтып келген.

* 2014-жылы Хён Жундун мурдагы сүйлөшкөн кыздарынын бири Чхве "Хён Жундун баласын курсагымда көтөрүп жүрөм. Андан боюмда бар", деп ызы-чуу салат. Музыкант "эгерде ДНКнын жыйынтыгы менин балам экенин аныктап берсе, баланы багуу жоопкерчилигин моюнума алам" деген. Бирок чуу жараткан окуядан бүгүнкү күнгө чейин далилдүү маалымат жок.

* 2009-жылы сентябрда Хён Жун чочко тумоосуна чалдыгып, эки ай бою ооруканада жатып дарыланган.

* Башкы ролду ойногон “Күлкүлүү өбүшүү” сериалы Youtube'да эң популярдуу кореялык сериал деп табылган. Аны беш күндүн ичинде 1 миллион адам көрүп чыккан.

* “Мыкты жигиттер” сериалына тартылып жатып өтө чарчагандыктан эсин жоготкон. Ал сериал тартылып бүткөнгө чейин 8 килограммга арыктап, депрессияга кабылган.

* Башка планетанын адамдарына жолугууну жана ачык космоско чыгууну тилейт. “Чоочун планетанын тургуну капысынан пайда болуп “биз менен жүрү” десе, ойлонбой туруп кошо кетмекмин” деген кеби менен таң калтырган.

* Актёр жана музыкант 2015-жылы Корей аскердик кызматына тартылып, 2017-жылы кызматын аяктап келген.

6-июнга карата жылнаама.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: