"Күйөөм балдарымды дубалга сүздүрдү. Чыдабай коомчулукка айтайын деп чечтим" дейт өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган балдардын апасы

2 жана 5 жаштагы балдар өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган. Бул тууралуу сабалган балдардын апасы Айсулуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Күйөөм мага 1 жарым жылдан бери эле кордук көрсөтүп келе жатат. Акыркы 3 күндөн бери ичкилик ичип, мага эле эмес, балдарыма дагы кол көтөрө баштады. Аларга болушсам, мени эсим оогончо сабап салды. Балдарымды да телефондун кубаттагычы менен сабап, 2 жаштагы баламды дубалга сүздүрдү. Күйөөм көбүнчө колуна самын байлап алып менин башыма урат. Анысы аз келгенсип, "мен милициянын баласымын, кимге арыздансаң дагы мени эч нерсе кыла албайсың. Эки рэкет иним бар, алар силерди өлтүрүп кетет" деп коркутат. Күйөөмдү таштап, балдарым менен кетип калайын десем, ата-энем же бир туугандарым жок. Айласыздан жашап келгем. Күйөөм айдоочу болуп иштейт. Кордук көргөнүмдү эч кимге айтчу эмесмин. Эки баламды сабаганда айласыз коомчулукка айтууга туура келди", - дейт сабалган балдардын апасы Айсулуу.

Белгилей кетсек, 4-июнда саат 21:00 чамасында Сокулук райондук ооруканасына 2 жана 5 жаштагы эки бала денесиндеги ар кандай жаракаттары менен түшкөнү кабарланган.
Учурда аялын жана балдарын сабаган делген 36 жаштагы адамга карата кылмыш иши козголуп, ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
almanbetperm
2018-06-05 22:00:41
Арам эле олсон,соогун жер корбой
+2
nur72
2018-06-05 22:20:53
Адам эмес эле айбан го
+1
Arlenchik
2018-06-05 22:47:52
Балдарын огойго кор кылып тийбей эле койбойбу, акмак жазасын алсын.
+4
progresskg
2018-06-05 22:48:05
Келсоо адамдар коп да Кыргызстанда. Озогочо бийликте. балдар бул ата-эненин менчиги эмес. Ошондуктан мамлекет коргошу керек. Балдарга кол которгон адам - катуу жазаланышы керек - атасы болобу, же апасы болобу, эч кимнсине карбай. Кыргыздар оз балдарын туура тарбиялабайт. Кол которогондор кийин зоокур болуп же оорукчан болуп калышы мумкун. Балдарын сабаган улут- эч качан алдыга жылбайт. Андай улуттарды Кудай озу урат. Кудай да кыргыздарды урган деп ойлойм мен.
+5
Sveta23
2018-06-05 23:17:26
балдарыңды сабатып күйөөгө не тиесиң.пол жуусаң да баксаң болот го балдарыңды
+4
mira28
2018-06-06 00:35:24
Sveta23,оа да мен да башым катты 1,5 жыл болуптур эрге тийгенине демек кичине баласы 6 ай болгонунда эрге тийип зарылбы.Чачы узун акылы кем аял экен.Барар жерим жок деп эми жардам сурабай ошол 1-эринен ажыраганда эле сураса болмок.Азыр эркектер бироонун баласын бакмак тугул озунун канынан буткон баланы аран багат.Бул зоокур кишиге балдарын урдуруп жургонун кара.Жакшылап келинди козомолго алуу керек Болбосо жыртан этип дагы бироону таап тийип алат.Эрсиреп.Куноону 1-озуно койом Айсулуунун.
+5
Dalil
2018-06-06 09:11:11
mira28, сага айтуу оңой бирок анын ордунда болсоң көрөт элем эмне кылмак элең. 6 айлык эмчек эмген бала менен кантип иштейт өзүң ойлосоң. Кайра-кайра баламды эмизип келейин деп кете берсе башка жумуш тап деп чыгарып коёт жумуштан. 6 айлык бала менен турмушка чыкса туура эле кылган. Балдарым ачка калбасын деп чыкты да турмушка. Мүмкүн алаарда балдарыңды да багып алам деп сөз бергендир, ортодогу сөздөрдү билбей күнөөлөгөнүңөр туура эмес деп эсептеймин
+3
Melisysakov68
2018-06-05 23:26:47
Бул жер бетинде ушундай таш боор,манкурт,келесоо адамдардын жашап жаткандыгына окунуп окунуп кетем.Буга окшогон акмактарга созум жок го
0
Matahara1980
2018-06-05 23:37:10
Колун сынгыр эшек, колун кургап шал тийип калсын ушу чиедей балдарды ургуча, 20 жылга кесип салгыла бул акмакты, турмодо чирип олсун

+2
ikitaidesu
2018-06-06 04:29:44
Эки баласы менен неге эрге тийди? Тообо кылдым, андан көрө балдардын тарбиясы менен алек болуп жаша. Ислам динин түшүнгөн адам болгондо балдарды антип кордомок эмес...
-5
Malik92
2018-06-06 08:24:10
Эри жоктордун баарын биз жаман көз караш менен карайбызго.Ишенген ата энеси,бир туугандары жок болсо.Өгөй болсо да,жөлөк болот деп турмушка чыккандырда.Биздин эркектер малдан да төмөн аң-сезим менен жашап калышты.
+1
Shaa-82
2018-06-06 09:12:36
Байкуш балдар коруп ыйлагым келди. Онбогур, бала жытына зар болуп отсон экен, Аллах озун жазала манкуртту.
+3
Almazbek81
2018-06-06 10:02:12
Супер инфо урган баланын да атын тактап жазбайсынарбы кайсы милициянын баласы экен
+4
Dinar.raiymjan
2018-06-06 12:28:17
Кудай жазанды берсин милиция болумуштун баласы... Атан милиция инин рекет болсо еле кыйынсынасынбы?? Ишенген милициябыз бизди коргойбу же кордойбуп????
+2
Pchelka85
2018-06-07 00:22:23
Бул келин бараак короорум жок ошонтучун куййомду кечирип кайра жашайм деп атат [moderated]да.. балдарынын ахыбалын коруп журогум тилинип кетти
Урматту Супер Инфл ушул келинге жардам корсотолукчу. Уюштургудачы бир нерсе. Акча салалык.. ал зоокурго кайра барбагандай кылалыкчы. Ал барса ого бетер жаман кылат эмнеге элге жарыялайсын деп.. Азамат Байматов байкеге кабар ьергилечи.. пожалуйста... супер Инфо.. жардам бергенди уюштургулачы..
+1
admin_superstan
2018-06-07 11:28:58
Pchelka85,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат.
0
Jasa
2018-06-07 15:11:59
Номерин жазып коюнуздарчы ушул эженин,эркектин акыркысы болсо да кайтуунун кереги жок экенин айтып,тушундуролу....
0
kalima88
2018-06-08 03:59:56
Чын эле номерин жазгылачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан