Төрага Асылбек Жээнбеков Индиянын парламентинин Штаттар Кеңешинин төрагасы Мохаммад Хамид Ансариге жана Индиянын парламентинин Элдик Палатасынын спикери Мейра Кумарга Индияда болгон суу ташкындарына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Анда мындай деп жазылган: “Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын ортосунда Индиянын Уттаракханд жана Химачал-Прадеш штаттарында көптөгөн жарандардын өмүрүн алып, олуттуу кыйроолорго алып келген суу ташкындары жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Мындай жаратылыш кырсыгынын натыйжасында келип чыккан бардык кыйынчылыктардан Индия элинин тезирээк чыгып кетишине чын дилибизден үмүт кылабыз. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтам. Ал эми жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандардын тезинен сакайып кетүүсүн тилейм”.