Бишкекте 16 жаштагы кыз апасына бычак сайды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-июнда саат 13:00 чамасында катталган.
Окуя эне менен кызынын үй-бүлөлүк урушунан келип чыккан. Мындан улам кызы апасын ашкана бычагы менен бир жолу сайган. Алган жаракатынан улам жабырлануучу ооруканага алып келинген.
"Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барып, бычактан жаракат алган аялдын өздүгүн такташкан. Ал 51 жаштагы М.З. аттуу аял болгон. Ал эми аялга бычак сайган К.У. анын 16 жаштагы кызы болгон. Учурда бул окуя боюнча медициналык экспертиза дайындалып, териштүү иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.