Ноокатта көлөмү бармакка тең мөндүр жаап, 3 турак үйдүн чатырын талкалады

Ош облусунун Ноокат районунда кечээ, 5-июнда көлөмү бармакка тең мөндүр жаап, 3 турак үйдүн чатырын талкалады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаан жана мөндүрдүн кесепетинен Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылында 3 турак үйдүн чатырларынын шиферин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.

"Мөндүр алма, өрүк жана башка мөмө-жемиштерге да зыянын тийгизген. Ошондой эле Көтөрмө айылынан өткөн Шамай селканасынан сел ашкан. Айдоо аянттарына жана адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. ӨКМнын Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жерине чыгып, жааган мөндүрдүн кесепетинен жабыркаган үйлөрдүн санын такташкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elmiraattokurkyzy
2018-06-06 12:37:04
айии аябай чонго мөндүр эгер жаап жатканда сырта болсоң бир жеринди сындыргыдай
+3
Soni130587
2018-06-06 12:52:00
Алла озун сактагын Кыргызстаныбызды боодо кырсыктардан
+8
Dalil
2018-06-06 12:56:49
Бармактай эмес жаңгактайго бул мөндүр. Жаракат алгандар болбоптурбу? Еыска убакта ушунча жааса аябай катуу жааптыр.
+5
Pandora
2018-06-06 14:50:08
Кудай сактай кор боодо кырсыктан жана дыйкандардын мээнетин текке кетире корбо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан