Талас облусунда тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана өнүктүрүүгө байланышкан жыйын болот

25-26-июнь күндөрү Талас облусунда “Тарыхый-маданий мурастарды сактоодо жана өнүктүрүүдө мамлекеттик органдар менен маданий мекемелердин биргелешкен ишмердүүлүгү” деген аталыштагы семинар болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул жыйында материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, музей жана китепкана жаатындагы көйгөйлүү маселелер талкууланат. Аталган семинарга Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышышмакчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан