Дарыгер: "Өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган балдардын апасы кош бойлуу"
Өгөй атасы тарабынан аёосуз сабалган балдардын апасы кош бойлуу, ал кош бойлуулуктун 7-аптасында. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сокулук аймактык ооруканасынын башчысынын орун басары Эркинбек Осмоналиев билдирди.
Дарыгер билдиргендей, сабалган 2 баланын баш мээси чайкалып, бутунан башына чейин денесинен жаракаттарды алышкан.
"Балдарды өгөй атасы аёосуз сабаган. Өзгөчө 2 жаштагы наристе көбүрөөк жабыркагандыктан абалы оор. Денесинин баары көк-ала. Аны дубалга сүздүргөндүктөн баш мээсине доо кеткен. Рентгенге тартып, невропатологго көрсөттүк. Балдарды өз убагында дарылабасак, зомбулук көргөн бөбөктөр кийин психикалык жактан жабыркап калышы мүмкүн. Ошондуктан алар дайым психолог менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу зарыл", - деди Осмоналиев.
Эске салсак, 4-июнда саат 21:00 чамасында Сокулук райондук ооруканасына 2 жана 5 жаштагы эки бала денесиндеги ар кандай жаракаттары менен түшкөнү кабарланган. Кийин аялын жана балдарын сабаган делген 36 жаштагы адамга карата кылмыш иши козголуп, ал Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Балдардын апасынын SUPER.KG'ге берген билдирүүсүн бул шилтемеден окуңуз.