Күйөөсү тарабынан сабалып, "Ак жүрөк" кризистик борборуна кайрылган жабырлануучунун күйөөсүнө карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Облустук ички иштер башкармалыгына 1985-жылы төрөлгөн Өзгөн районунун тургуну 23-майда арыз менен кайрылган. Ал 1984-жылы туулган күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылганын билдирген. Анын арызынын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Облустук прокуратура бул ишти карап баштаганда жабырлануучу дарыланып алууну суранган. Мындан улам ал Ош шаарына барып дарыланууга жана кризистик борбордон психологиялык жактан маалымат алып келүүгө жөнөтүлгөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 5-июнда чыккан. Корутундуга ылайык, аялдын денесине оор жаракат келтирилгени аныкталган. Бул боюнча сабаган кишиге карата кылмыш иши козголду", - дейт басма сөз кызматы.
Эске салсак, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерди камкордукка алган "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова социалдык тармакка күйөөсү тарабынан сабалган аялдын денесинин сүрөттөрүн жарыялаган.
Анда денесинин соо жери дээрлик калбай, көк ала так менен жаткан аялдын сүрөтү кызуу талкууланган.