Күздөн баштап электр энергиясына карызы көп үйлөргө жарык берүү токтотулат

Күз айларында электр энергиясы үчүн карызы көп хан сарайларга электр жарыгын берүү токтотулат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев маалымдады. Айтымында, компаниянын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири - абоненттердин карыздарды төлөбөгөндүгү. Айрыкча кымбат баалуу үйлөрдө жашаган адамдар айлап, жылдап төлөбөй коюшат. Мындай үйлөрдө депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жашашарын кошумчалайт Аргымбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан