Сапар Исаковдун жактоочусу да шаардык сотко даттанды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине айыпталуучунун тарапташтары нааразы. Бүгүн, 7-июнда Исаковдун жактоочусу Учкун Каримов райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко арыз жазды.

Белгилей кетсек, 5-июнда райондук сот Сапар Исаковду тергөө аяктаганга чейин 2 айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган. Мыйзамга ылайык, чечим чыккандан кийин 5 күн аралыгында жогорку инстанцияга кайрылса болот.

Эске салсак, Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Айта кетсек, 5-июнда Сапар Исаков УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин 26-апрелде Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде күбө катары УКМКда сурак берген. "Бишкек ЖЭБи боюнча менин күнөөм бар деген сөздөр чындыкка дал келбейт", - деп билдирген. 14-майда Сапар Исаков экинчи жолу суракка барган. Анда УКМКга кирип баратып "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
fora
2018-06-07 20:45:53
отура берсин чыкбай жакында аташкасы да барып калат
+12
Dembele84
2018-06-07 20:52:49
Чакырсын андан коро жанына чогуу жургон шериктерин,элдин коргусу келбей калды уже буларды,особенно АШАны.АША да камалса эл митингге да боштондук сурап басып барбаса керек.
+10
iryi1
2018-06-07 21:00:58
Соке корр-я м-н курошкусу келсе, адилеттуу бийликете отургусу келсе, биричи кезекте озунун иниси Асылбекти депуттан кетирсин. Туугандуу бийде ыйман жок. Корр-я м.н курошкусу келсе депуттатардын министрлердин жарымын камасын камасын Раимды баш кылып. Атамбаевди жамандабай. Озу премьер болуп турганда эмне кылды эле. ГКНБ ошону текшерсин.
-10
nemo2016
2018-06-07 22:20:56
iryi1,кунунор бутту атамбаевчилер,бирок жээнбаевич эмесмин мен садыр жапаров мадумаров мырзакматовторду колдойм
+9
Mirlan27011987
2018-06-07 21:03:03
Жээнбеков эч кандай коррупция менен курошкон жок. Болгону озуно жакпаган адамдарды коррупцияга шылтап камап жатат. Мурдагы колдоп жургон адамдарын камака алып алардан кутулуу максатын коруп жатат.
-13
fora
2018-06-07 21:18:43
Mirlan27011987,Ашада ушунтип камабады беле келме кезек Эми Ашада жооп берсин Милиондогон акчалардын дайыны жок камап атат ашага окшоп орустун шылуунунун созун шылтап камаган жок
+3
pat12
2018-06-07 21:11:05
Коррупция деп коюп эми далай деген журналист ишмерлер камала турган болду окшойт. Жакын арада Сокени да сындагандар чыгат. Коррупцияны Раим миллиондон башташ керек болчу. Озунун бир тууганы отурат го уялбай. Жогорку Кенеште Соке жонундо эмне ушак журуп жатканын тыншап. Соке инисин кетирсин ЖК дан. Ошондо адилеттуу болот.
0
bayhan
2018-06-07 21:13:40
Коррупция менен күрөшүп жатат, Ашанын адамдары бүт бийликти басып алып өлөрчө жешкен эми ошолорду кусуп беришсин. Босско очередь жетет жакында Илмиянов экөөнө.
+7
jugorsk
2018-06-07 21:16:00
Ошол соке ашанардын 6 жылда жегенин чукуп чыгып камап жатат.Бут жегендер ксдп дан уялбайсынар ошолорго жан таркыча
+5
fora
2018-06-07 21:21:55
Ашанын кошоматчылары 6 жыл мактап бутбой койдунарго
+4
iryi1
2018-06-07 21:38:07
Коррупция менен курош болгон жок. Болгону АШАнын адамдары менен курош болуп жатат. Корупсия болгону шылтоо.
-11
Dembele84
2018-06-07 23:48:14
iryi1,Атамбаевдин маалында каалагандай жеп журушсо,анан башка кимди камаш керек?Даже президентти эл колдоп жатат,эл эчак эле таразалап койгон.Атамбаев камалса элдин 95%ти ыраазы болот.
+1
Isken.der
2018-06-07 22:15:12
Аттан тушсо да ээрден тушпогондордон экенда, болдуда эми, жетишет уже
+2
Meni_unut
2018-06-07 22:21:41
Шефти кармагылачы
+3
Meni_unut
2018-06-07 22:21:57
Шефти кармагылачы
+1
ilgiz-kg01
2018-06-07 23:27:59
Раим миллионду камай албайт анткени ал шайлоодо каржылаган Жеенбековту
+1
Bobina
2018-06-08 20:02:39
Качан Илмиянов камалса ошондо ишенем...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан