24-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде экс-министр Равшан Сабировго карата чыгарылган сот өкүмүндө мыйзам бузуулар болгонун айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Сабировдун жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады. Айтымында, тармактык комитет бул ишке байланыштуу катты Сотторду тандоо кеңешине жиберет. Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-мартында Бишкек шаардык соту Р.Сабировду үй мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыраткан. 23-майда Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырды. Айта кетсек, 2012-жылы экс-министр менен анын жардамчысы "чет өлкөлүк бала багып алуучу уюмдан пара алган" деген шек менен айыпталып келген.