20-29-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы мектептерде бүтүрүү кечелери өтөт. Буга байланыштуу 1000ден ашык милиция кызматкерлери бул күндөрү бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылышмакчы. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы 25-июнда билдирди. Майрамдык кечеге жалпы 4 573 бүтүрүүчү катышат. Жол-кайгуул кызматкерлери мектептердин жанындагы жол коопсуздугун карашса, милициянын кайгуул-күзөт инспекторлору бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык иш-чаралары өтүп жаткан жерлерде болушат.