Орусиялык депутаттар насыбайды баңгизаттардын катарына кошууну сунушташууда

Орусияда Мамдуманын депутаттары насыбайды баңгизаттарынын катарына кошууну сунушташууда. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялашты. Мындай сунушту демилгечи депутат Александр Сидякин насыбайда психотроптук жана химиялык заттар бар болуусу мүмкүн экендиги менен түшүндүргөн. Айтымында, укук коргоо органдары бул маселени чече алышпайт, ошондуктан мектеп окуучулары насыбайга көнүп бара жатышат. Ошондой эле дарыгерлер насыбай онкологиялык ооруларга алып келерин билдиришкен, ушуга байланыштуу аны сатууга көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан