Чет өлкөгө качып кетти делген Данияр Абдыкаров Түркияда эс алып жүргөнү белгилүү болду

Буга чейин ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров өлкөдөн качып кеткендиги тууралуу маалыматтар тараган. ИИМдин маалымат кызматы бүгүн, 8-июнда Абдыкаров менен байланышып, анын Түркияда үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн билдиришти.

"ИИМдин маалымат кызматы Абдыкаров менен бир канча мүнөт мурун байланышты. Ооба, ал чынында келинчеги жана уулу менен кыска эмгек өргүүсүн алып эс алуу үчүн 3-июнда Түркияга учуп кеткен экен. 3-июнь дем алыш күнгө туура келгендиктен ал чет өлкөгө чыгууга уруксат кагазын алууга жетишпей калган. Ал 11-июнь күнү кечинде Кыргыз жерине кайтып келип, 12-июнда жумуш ордуна кайтат. Эмне үчүн уруксат кагазы жок чет өлкөгө чыгып кеткенин келгенде түшүндүрүп берет", - деп билдиришти ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Okunboim.
2018-06-08 15:18:23
Красавчик :|
+2
RusMos76
2018-06-08 16:06:32
Кайдагы красавчик! Катардагы кызматкерлер уруксат кагазы жок чыгып эс алып келсе кызматынан куулмак, коробуз 12си деле алыс эмес!
+1
wirintai27
2018-06-09 16:59:02
Бурулайдын олуму болду булардын шалаакылыгынан байкуштун топурагы кургай элек.Балээ барбы эс алганы кыйратып койгонсуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан