Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда бүгүн, 8-июнда катуу жаанга аралаш көлөмү жаңгакка тең мөндүр да жаады. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, катуу жаандан улам айрым аймактарда сел да жүргөн.
"Көлөмү чоң мөндүрлөр айыл-чарба иштерине зыянын тийгизди. Түйүлгөн мөмө-жемиштер күбүлүп, жашылчанын көчөттөрү сынып кетти", - деп жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.