Бишкекте экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жашыруун иштери жазылган дептер табылды. Бул буюм 7-апрель окуясындагы мародёрчулук иштер боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө табылып отурат. Ишти иликтеген комиссиянын жетекчиси Асылбек Чекировдун айтымында, жазуу дептерине Жаныш Бакиев ар кандай жыйналыштардын жүрүшүн, кадрдык дайындоолорду, сатылган жер тилкелерин, саясаттагы ар кандай расмий жана расмий эмес иштерди жана 2009-жылы мамлекеттик резиденцияда белгиленген 60 жылдык мааракесинде ким канча акча, кандай белек алып келгендигин жазган. Мисалы, аталган мааракеде Кадыр аттуу адамдан 100 миң доллар алгандыгы дептерге белгиленген.