Ширин Айтматова: "Репретин препаратын Кыргызстанга алып келүүдө өлкө бюджетине 4,2 миллион сом зыян келтирилген"
"Репретин препаратын Кыргызстанга алып келүүдө өлкө бюджетине 4,2 миллион сом зыян келтирилген". Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык жумушчу топтун отчётун угуу учурунда депутат Ширин Айтматова билдирди. Анын айтымында, Репретин жана Репоэтин препараттарынын таасири, күчү бирдей. “Мамлекеттик тендер өткөрүүдө бюджетке 4,2 миллион сом зыян келтирилген. Анткени өлкө боюнча 25140 флакон Репретинди 475 сомдон алышкан, бирок анын ордуна Репоэтинди 312 сомдон алса болмок”,- деди эл өкүлү.