Бүгүн, 25-июнда Бишкектеги "Кой-Таш" аскер бөлүгүндө Коргоо министрлигине Кытай өлкөсү тарабынан жардам катары берилген аскердик техникалык каражаттарды расмий түрдө өткөрүп берүү жана кабыл алуу аземи болду. Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана Кытайдын Коргоо министри Чань Ваньцюань катышты. Берилген жардамды музыкалык аспаптар жана 52 даана унаа түздү, жалпы баасы 17 миллион доллар. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Кытайдын коргоо министри Чань Ваньцюанды аталган аскердик бөлүктөгү жаңы курулган казармдын абалы жана аскерлердин даярдыгы менен тааныштырды.