Ош шаарында турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Жаштар көчөсүндө жайгашкан 90 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган Т.Р.Х. аттуу жаран каза болгон. Өрт өчүрүүчүлөр маркумдун денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрт тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушунан улам келип чыкканы айтылат маалыматта.