Энергетика чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-июнда “Энергетика жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу”, “Электр энергетикасы жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 16-майда кабыл алган. Алар өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча жана бул чөйрөдөгү көзөмөл боюнча иш-милдеттерин чектөө максатын көздөйт. Мыйзамдар расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан