Таласта жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрдү

Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагында жааган жаандын кесепетинен улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сел кечээ, 11-июнь күнү саат 18:00 чамасында жүргөн.

"Жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү каналдан суу ашып, Ак-Жар айылында 15 турак үйдүн короо-сарайларын, огороддорун, 1 орто мектептин короосун жана 5 гектар айдоо аянтын каптаган. Турак үйлөрдүн ичине суу кирген эмес. Кара-Буура райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылып, сел өтүүчү каналдын суу ашкан жерлери бекемделди. Бүгүн, 12-июнда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин улантышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан