Өзбекстанда аэропортто кармалган укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Алматы шаарына учуп кетти

25-июнда укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Өзбекстандын борбор калаасы Ташкенттен Казакстандын Алматы шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Калдар Мамасалиев билдирди. Анын айтымында, укук коргоочу менен элчи жолугушкан, бирок эмне тууралуу сөз болгонун билдирген жок. Эске сала кетсек, 24-июнда Өзбекстандын аэропортунда франциялык кесиптештеринен бөлүп Төлөйкан Исмаилованы кармап калышкан болчу. Ташкенттен Бишкекке бул күнү аба каттамы жок болгондуктан Исмаилова Алматы шаарына учууга аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан