Грузияда оппозиция лидери Ника Мелиа камакка алынды

Грузияда “Бириккен улуттук кыймыл” деп аталган оппозициялык партиянын лидери Ника Мелиа кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, оппозиция лидери менен бирге бир катар митингдин катышуучулары дагы кармалган. Учурда оппозиция өкүлдөрү Тбилисиде жайгашкан парламент имараты алдында нааразычылык акциясын улантышууда. Алар өкмөттүн кызматтан кетишин жана эки мектеп окуучусунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартылышын талап кылышууда.

Полиция митингчилердин чатырларын бузуп, аларды таркатууга аракет кылышкан. Митингчилер бийликтин кысымына карабай нааразычылык акцияларын улантарын айтышууда.

Эске сала кетсек, май айында башталган митингге Тбилисиде өлтүрүлгөн эки жаш өспүрүмдүн өлүмү түрткү болгон. Шаар тургундары Тбилиси шаардык сотунун өкүмүнө нааразы болуп митингге чыгышкан. Анткени өткөн жылдын декабрь айында эки окуучуну мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки адамды сот актап өкүм чыгарган. Мындан улам демонстраттар Грузия өкмөтүнүн токтоосуз кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Бул окуяга байланыштуу Грузиянын баш прокурору Ираклий Шотадзе отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан