Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кон айылында учурда гиластын мөмөсүн терүү кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" маалымдап, сүрөт, видеолору менен бөлүштү.
Анын айтымында, аталган аймакта негизинен гиластын 3 сорту өстүрүлөт. Учурда үчөө тең бышып, дыйкандарды кубандырып турат.
"Бул жолу гилас мол болду. Баасы да жакшы, килограммын 150 сомго чейин сатып жатабыз. Багынын аянты чоң дыйкандар күнүнө 50-80 ящиктен гилас сатып жатышат, бир ящикке 7 килограммга чейин түшүм батат. Негизинен эл гилас, өрүк, шабдалы өстүрүү менен алектенип, түшүм алып жан багат. Биздин айылда бышкан мөмө Казакстан, Орусияга да чыгарылат", - деп билдирген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.