Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев "КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 16-майында кабыл алынган. Ал аудио, аудиокөрмө өндүрүмдөрүн, электрондук эсептөө машиналарын жана маалымат базаларын сатуу эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды бузгандыгы үчүн жарандарга жана кызмат адамдарына салына турган администрациялык айыптын өлчөмүн көбөйтүүнү карайт. Мындан тышкары аталган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген жактар катары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү, маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталган. Ошондой эле тексттердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги шайкеш келбестиктерин жокко чыгаруучу редакциялык мүнөздөгү айрым түзөтүүлөр киргизилген. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан