Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубу жаңы машыктыруучусун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эми дүйнөнүн атактуу командаларынын бири "Реал Мадридди" испаниялык адис Хулен Лопотеги башкармакчы. Азыркы тапта Лопотеги Испаниянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгондуктан жаңы командасына футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталган соң барат.
Айта кетсек, Хулен Лопотеги 22-майда Испания курама командасы менен келишимин 2020-жылга чейин узарткан. Бул келишимди бузган үчүн "Реал Мадрид" футболдук клубу Испания футбол федерациясына 2 миллион евро төлөп бермекчи.
Хулен Лопотеги буга чейин "Райо Вальекано", "Реал Мадрид В", "Порту" командаларын, Испаниянын улуттук курама командасын жана U-19, U-20, U-21 жаштар курама командаларын машыктырып келген.
Эске салсак, 27-майга караган түнү испаниялык "Реал Мадрид" Европадагы футбол боюнча эң беделдүү лига - Чемпиондор Лигасын жеңип алган. Чемпиондукту 3-ирет камсыздаган соң, "Реалдын" башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан кызматынан кетүү чечимин кабыл алган.