"Реал Мадрид" футболдук клубунун машыктыруучусу Зинедин Зидан кызматынан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Зинедин Зидан бүгүн, 31-майда Бишкек убактысы менен саат 17:00дө жалпыга маалымдоо каражаттарын чакырып, шашылыш маалымат жыйынын уюштурган. Анда ал "Реал Мадрид" футболдук клубу менен иштешүүсүн улантпай турганын айткан.
"Реал Мадрид" менен иштешүүнү токтотууну чечтим. Бул чынында күтүүсүз учур, бирок команда жеңиш алып келүүсүн улантуу үчүн өзгөрүүлөр, жаңылыктар керек. Мына ошондуктан мен ушундай чечим кабыл алдым", - деген маалымат жыйында Зинедин Зидан.