Өлкөдө бардык түнкү клубдар патент алып иштей башташат

Кыргызстанда 6 түнкү клуб милдеттүү түрдө салык төлөйт, калган түнкү клубдардын көпчүлүгү патент алышпайт. Бул тууралуу 25-июнда ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Расым Айдаралиева билдирди. Ал эми экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев бүгүнкү күндөн баштап бардык түнкү клубдар патенттин негизинде иштеп баштаарын белгилеп өттү. Айта кетсек, Кыргызстан боюнча учурда 70 түнкү клуб бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан