Бишкекте кадыр түн тосуп эки башка мечиттен чыккан балдарынын ортосунда жаңжал чыккан

Бишкекте кадыр түн тосуп мечиттен чыккан топ балдардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июнда кадыр түн тосуп мечиттен чыккан балдар башка мечиттен чыккан балдар менен жаңжалдаша кетишкен.

"Бизге түнкү саат 3:00дө Көк-Жар аймагында балдар урушуп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Биздин кызматкерлер барып, массалык мушташтын алдын алуу иштерин жүргүзүп, урушту токтотушкан", - деди Оморов.

Ал кошумчалагандай, окуя болгон жерде 15 бала кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген, алардын ичинен 12 бала мектеп окуучусу болгон. Кармалгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aliko78
2018-06-13 14:35:00
Мечит, кадыр тунду аралаштырбай эле койгулачы. Мындай балдар мечит эмне экенин деле билбейтго.
+12
nemo2016
2018-06-13 14:38:49
aliko78,созуно кошулам динди жаманатты корсотконго эле учта биздин журналисттер
+5
moskoy
2018-06-13 15:11:52
nemo2016,Туура соз тууганга жакпайт жаман жагынарды айтып койсо эле чычалап киресинер.
+2
Dalil
2018-06-13 20:18:27
moskoy, 4тө багымдат намазы окулуп 4:30га жакын таркашат. Булар кадыр түн тоспой эле саарлыкка жасалган пловтон тоё жеп чыккан эле көчө безерилерине көбүрөөк окшошот. Азыр шамда мечитте ооз ачар берген жерде киши батпай калып кечинде таравих намазында анын жарымы да жок. Мечитте молдолор сайраса эч жаман нерсеге үндөгөгүн уга элекмин. Жардыга жардам бер, бирөөгө катуу айтпа, бирөө катуу айтса сабырлуу бол, бирөө жөнүндө ушак айтпа, жалган сүйлөбө, бирөөнүн акысын жебе дегендей эле сөздөр айтылат
+1
monster_high_98
2018-06-13 22:57:45
nemo2016,Жаман корсоткон жери жок,болгонун болгондой жазып жатышат,азыркы биз кармап жаткан дин вообще эле башка агымга багыт алган,чыныгы Ислам дини мындай эмес,бул мечеттеги молдолор кесепети,кечээги эле кылмыш кылып, аракеч болуп жургондор бугун имам болуп чыга келгендер,жана жаштарга туурамес идеологияны синирип,тарбиясын бузуп жатышат!
+5
pat12
2018-06-13 14:50:25
Бироосу Таблигий Жаамат бироосу Инкар Йакындын балдары окшойт да. Экоонун идеялогиясы эки башка болуп. Азыр агымдар толуп кетпедиби.
+4
Azatbek.Svoboda.
2018-06-13 14:50:59
ХХХ ушул ишке барышкан! ХХХХХХХХ
-2
moskoy
2018-06-13 15:09:07
Azatbek.Svoboda.,ХХХХХХХХХ айландырып жатасынар.
+2
admin_superstan
2018-06-13 17:28:55
moskoy, Azatbek.Svoboda., порталдын эрежелерин сактагыла!
+1
Ka2sr1
2018-06-13 15:01:29
Азыр мамлекет мечиттерди тыгыз козомолдобосо болбойт. Жаштар ар дайым курал болуп келген, революциялардын, же диний агымдардын. Эртен биздин пакистанчыл сакалчандар ушул жаштарды оз кызыкчылыгына пайдаланышат. Кайра кайра сакалчандардын кооз создорун уга беришип, аягы радикалдашып ошолорду ээрчип кетишет. Озгочо азандын кыйкырыгын азайтып, же акырын кылыш керек.
+4
erlan2196
2018-06-13 15:19:34
Динди мамлекетке жолотпош керек. Азыр мечиттерде имамдар башкасын жамандап, шариатты мактап турмуштун ачуу - татуусун коро элек жаш балдардын баштарын айлантырып отурушат. Дин дайыма бийликти гана энсеп келген. Эртен ушул биздин сакалчандар фанаттарын ээрчитип алып, арабтардын мыйзамын орнотобуз деши мумкун. Ошондо чыныгы граждандык согуш чыгат. Динчилдер менен светтик адамдардын ортосунда.
0
Nibiru.
2018-06-13 15:52:45
erlan2196,туура. Бирок аны ойлонбой жатышат да бийлик,акча табууну биринчи оорунга коюшуп. Мындай комментарийлерге жердин тоголок экенин билбеген карангы,фанаттар айкырып чыгышат. Дин озунчо,мамлекеттик саясат болок болуш керек. Динди же дин адамдарын эч качан саясатка,бийлике жакындатпаш керек. Андай акыры эч качан жакшы болбойт. Озбекстандагыдай кылып эле катуу кармаш керек ар кимиси оз оордун биле тургандай кылып. Бул Кудайга же динге каршы болгондук эмес,келечек учун.
+6
Kychtyy
2018-06-13 16:10:51
Nibiru., Дин боюнча бир соз болсо эле тим эле эксперт болуп кетишет баары динди антиш керек дин адамын мамлекетке жолотбош керек деп. Азыр как бутдо кыргызстан гулдоп осуп атканына дин тоскоол болуп аткансып. Акча жеген корупциянерлердин баары ошол кудайдан коркбогон ыйманы аздар болуп атат. Жеп бутуштуго ошол динди кармабаган кудайдан коркбогондор. Эгемен болгондон бери динди итак эле жолотбой келип атышат. Эл экен кабыл алыш
+2
pyeon hwa
2018-06-13 15:25:08
Уят! Кадыр тун тоскону кайсы!Кыргызды шерменде кылышты,эркек эмес эле ХХХХХХХХХХХ болуп калыптырсынар!
-1
Baicho_0707
2018-06-13 15:37:34
Кадыр тундон 3.40-4.00 намаз окуп алып чыгышмак,экинчиден тышка чыгып согушуп келгиле деп жибермек беле! Булар динге тиешеси жок балдар.
+1
sinej
2018-06-13 15:48:05
Биздин имамдар тиги дуйного барып жашап, Кудай менен чогу куурдак жеп келгенсип уверенно суйлой беришет. Жаштарга бейиштен орун камдап коюшат озунчо эле. Эгер жаштарыбыз молдолордун жомокторуна ишенип, оздорунун жаркын келечегин ар кайсы диний догма, мифтерден издеп жатышса, анда эртен Кыргызстанды билимдуу жаштар эмес, диний жомокторго ишенген карангы жаштар басат окшойт.
0
Aikaaaa
2018-06-14 01:15:45
sinej,туура арабдардын жомогу,арабдар келатат десе, сүйүнүп кетип эле коюнубузду ачып бергени калдык. Алар эмне максат менен келатышканын билбей эле. Бул да бир психологиялыкпы, же моралдык чабуул го. Басып алуунун оңой жолу
+2
pyeon hwa
2018-06-13 15:58:13
Кыйын болсонор Молдолорго сайылбай!жепжутаттарга сайылгыла!
-2
Mirlan27011987
2018-06-13 16:13:53
Бугунку мечиттердин, медреселердин коптугу, Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизип калбайбы? Азыр арабтардын диний мифтерине ишенген жаштардын саны осуп баратат. Андай болсо мектептерди жаап салып эле кыргыздар сакал остуруп, хиджабтарга оронуп, башыбызга чалма оронуп, арабтардын жомогун окуп отура берели.
+1
talas0707
2018-06-13 20:02:41
Эмнеге айтпайсынар балдарынар арак тамеки чегип, карындаш кыздар жарым жыланач журсо! Эки кишинин бири сойкулук, паракорлук кылса! Мечит динге азыласынар, ал жерде ушундай жаман нерсе кылба, болбоду дегенде бироону жаман козун м.н караба деп сайрат молдолор. Келечек ЫЙМАН менен болот. Же келечек корупция, сойкулук, аракечтик м.н болот деп ойлойсунарбы. Ойлонуп жазгыла жонунок динге азылбай!
-1
yrmat88
2018-06-13 21:03:06
talas0707,
Динге берилбей эле туз жургон балдар кыздар коп. Молдолор деле журот го тамеки чегип, ичип, сокулук кылып. Кээп анда эмес. Азыр динге кирип алышып жаштарга динден башкасынын баары коздоруно жаман корунуп калып жатат. Ошол коркунучтуу туудурат.
0
lenin1870
2018-06-13 21:58:01
Дин онуккон жерде илим билим онукпойт алдыга жылыш токтойт ачыл ыш болбойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан