25-июндан 26-июнга чейин Баткен облусунда жарандык коргонуу боюнча машыгуу иштери болот. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулунду айылында Тажикстандын Согдий облусунун Гафуров району менен биргеликте “Эки республиканын чектешкен аймактарда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюудагы жарандык коргонуу башкаруу органдарынын иш аракеттери” аталышындагы машыгуу бүгүн, 25-июнда башталды.