26-июнда республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +19...+24°C
Талас облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +16...+21°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +29...+34°C, түнкүсүн +20...+25°C
Баткен облусунда күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +17...+21°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +13...+18°C
Нарын облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +9...+14°C
Бишкек шаарында күндүз +30...+32°C, түнкүсүн +20...+22°C
Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын болушу күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөткө жамгыр жаашы мүмкүн.