Жалал-Абад. Жүк жана жүргүнчү ташыган автоунаалардын патентин текшерүү боюнча рейд башталды

КРнын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын алкагында Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу жана жүргүнчү ташыган жеңил автоунаалардын патентин текшерүү боюнча рейд башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салыжан Умаров билдирди. "Иш-чаранын максаты - жергиликтүү бюджетке киреше салыгын көбөйтүү, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу менен алектенгендерди патент менен камсыз кылуу. Ошондой эле алардын ишин мыйзам чегинде иретке келтирүү", - деди Умаров. Аталган рейд 25-августка чейин уланат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан