Бүгүн, 14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Мелдештин алгачкы оюнунда талаа ээси Орусия менен Сауд Арабиянын командалары кез келишти. "Лужники" стадионунда орун алган беттеште орусиялык футболчулар 5:0 эсебинде жеңишке жетишти.
Алгачкы голду орусиялыктар 12-мүнөттө киргизишти, Юрий Газинский коргоочулардан бийик секирип, башы менен узаткан соккусу таамай болду. Муну менен орусиялыктар чабуулдарын күчөтүп, 43-мүнөттө эсепти 2:0 кылганга үлгүрдү. Бул ирет алмашууга чыккан Денис Черышев айырмаланды. Орус футболчулар 71-мүнөттө эсепти 3:0 кылса, 91-мүнөттө жана 93-мүнөттө эсепти 5:0гө жеткиришти. Анда Артем Дзюба, Денис Черышев жана Александр Головин айырмаланышты.
Муну менен Орусия курамасы алгачкы беттеште жеңишке жетип, 3 упайга ээ болушту.