Кыргыз өлкөсүнүн футболчусу Айдана Оторбаева испаниялык футболдук клубдардын бири менен келишим түздү. Бул тууралуу футболчу SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, Оторбаева испаниялык "Madrid CFF" клубу менен келишим түзгөн.
"Алгач клубга таанышым мени сунуштап видеолорумду жөнөткөн. Көп өтпөй клубдан чакыруу алып, команда менен биргеликте бир нече машыгуу өткөргөм. Кийин команда менен биргеликте Бильбаодо өткөн турнирге катыштым. Аталган клуб Испаниянын Жогорку Лигасында ойногондуктан дароо эле келишим түзгөнгө макул болдум", - дейт Оторбаева.
Азыркы тапта команда эс алууда болгондугуна байланыштуу Бишкекке келип виза маселелерин чечип кетүү керек деп кошумчалады спортчу.
"Машыгуулар башталганда тренердин билдирүүсү боюнча атайын программа менен машыга баштайм. Испаниялыктардын ойноо ыргагына көнүү үчүн алгач салмак кошуп, андан соң талыкпай эмгек кылуум керек", - деп билдирди футболчу.