Бишкекте эски аянтта Орозо айт намазы окулду (фото)

Бүгүн, 15-июнь - өлкөдө Орозо айт майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте, ар бир облус борборлорунда, райондордо, ири мечиттерде айт намазы окулат.

Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат. Учурда аянтка жакын жайгашкан Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Абдымомунов көчөсү Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, милиция кызматкерлери намазга келгендерди дыкат текшерип киргизүүдө. Тартипти бир жарым миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алууда.

Намазга элдер саат 05:30да келе баштады, намазга жыгылуу 7:30да башталат. Бул аралыкта өкмөт башчы, шаар башчы сөз сүйлөп, муфтий баян айтат.

Азыркы тапта аянтта муфтийдин орун басары сабырдуулук тууралуу баян айтууда.

07:15. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сөз сүйлөп, президенттин жана өзүнүн атынан куттуктайт. Андан соң сөз шаар башчысы Албек Ибраимовго берилет.

Учурда аянтка 20 миңден ашык адам келди. Милиция жарандарды атайын текшерип өткөрүү өтмөктөрүнөн киргизүүдө. Аянтка айт намазына келгендер батпай калганына карабастан элдин аягы суюла элек. Алардын арасында бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.

7:20. Аянтта Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи Максат Токтомушев Орозо айынын касиети тууралуу баян айтууда.

"Бирөөнүн укугун тебелеп жашабайлы, бирөөгө жамандык кылбай жашайлы, жылдын калган 11 айында дагы Орозо айында жашагандай жашайлы", - деди муфтий.

07:27. Парламент төрагасына сөз берилди, ал алгач өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун жалпы кыргыз элине болгон куттуктоосун окуп, парламенттин атынан да элди Орозо айт майрамы менен куттуктап өттү. Андан соң сөз Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго берилди. Калаа башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө элге тынччылык каалап, элибизде берекке болуусун тилеп өттү.

07:30. Айт намазы башталды.

8:01. Иш-чара аяктады.

Айт намазын окуу үчүн 30 миңдей адам эски аянтка агылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azat.97
2018-06-15 06:48:58
Иншаллах!!!!Айтыныздар маарек болсун!
+6
salimbek87.kg
2018-06-15 07:04:53
Айттыңыздар маарек болсун урматту кыргыз элим кийинки жылы айтка жетишибизге баарыбызга насип кылсын Аамин
+7
Kanzada97
2018-06-15 07:47:52
Кыргыз элим Айтыныздар маарЕк болсун! Окуган намаздарынар Аллахым кабыл кылсын! Баарынарды жакшы кором!
+2
Rasul94
2018-06-15 07:50:10
Орусияда 4 30 да болду айт намаз.
Айтыныздар маарек болсун кыргыз элим
+1
umar.kgz
2018-06-15 08:25:28
Айтыныздар маарек болсун,үйүңүздөргө береке болсун,
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-06-15 08:55:09
Баткенде 08:00 окулду жаан төктү ошого карабастан мечитке батпай калгандар сыртта айт намазын окушту.
+1
Merch
2018-06-15 09:06:40
Айтыңыздар маарек болсун! Өлкөбүздө тынччылык болсун, элибиз ислам шариятты менен жашаганды Алладан суранабыз. Адилеттүүлүк орносун, Оомийин!!!
+1
altyn2015
2018-06-15 09:08:27
Айтыныздар маарек болсун!
0
tina-Tin
2018-06-15 09:24:49
Айт маарек болсун. Элибизде тынтык болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан