Биз социалдык тармакта

“Манас” аэропортунда 2 миң адамга ылайыкталган мечит курулат

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагында курула турган мечиттин ордунда комплекстүү инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер курулуш аянтчасынын геологиялык шарттарын жана топурактын өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн 22 метр тереңдикке чейин бургулоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошондой эле топурактын физикалык-механикалык касиеттери жана көтөрүмдүүлүгү динамикалык зонддоо аркылуу бааланган.

Долбоорго ылайык, мечиттин жалпы аянты 1 миң 500 чарчы метрди түзүп, бир учурда болжол менен 2 миң адамды кабыл алууга ылайыкталат.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы мечитти долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга негиз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nyrbekali87
2026-10-28 22:19:00
Ажырашууну, жалгыздыкты эркиндик деп мактап кыргыздарды келечекте тукумсуз калтыруу пропагандасы жүрүп жатканда, мечиттерден ушул сыяктуу арам пландар айтылып турса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан