Жалал-Абад. Мыйзамсыз орун алган курулуштар бузулууда
Жалал-Абад шаарындагы мыйзамсыз орун алган курулуштар четинен бузулуп же башка орунга көчүрүлүп жатат. Бул боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору Абдималик Тагаев "учурда бул иштердин 50 пайызы аткарылып калды. Тротуарларды, аллеяларды чоңойтуу максатында шаарга кире бериштеги мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагазы жок курулган соода түйүндөрү алынып салынды",- дейт.