Футбол күйөрмандары өздөрүнүн жакшы көргөн футболчусунун элесин чач жасалгасына түшүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сербиялык стилист Марио Хвала буга чейин өзгөчө чач жасалгаларды жасап жүргөнү менен белгилүү болгон. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталып футбол күйөрмандары өз командаларын, оюнчуларын алдыга сүрөп, дем-күч берүүнүн жаңы жолун табышты. Алар өздөрүнүн сүйүктүү оюнчуларынын элесин чач жасалгаларына түшүрүп жатышат.
Белгилүү болгондой, мындай элести чачка түшүрүп кыркуу үчүн 5-7 саат убакыт керектелет.
"Алгач мен кардарларга алар каалаган белгилүү адамдардын элесин түшүрүп берчүмүн. Азыркы тапта көпчүлүк футбол сүйүүчүлөр кайрылышып футбол жылдыздарынын элесин түшүрүп берүүнү өтүнүшүүдө", - деп билдирген Хвала.