"Эл Орозо айт майрамын майрамдап жатса, Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургундары селдин кесепети менен алек болууда" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына WhatsАpp аркылуу жиберген.
"Бүгүн, 15-июнда таңкы саат 06:00дөр чамасында Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылында катуу шамал болуп, жамгыр жаады. Жааган жамгырдын жана мөндүрдүн кесепетинен айылдын ички көчөлөрүн суу каптады. Мына, түшүм алабыз деп отурган дыйкандардын өрүктөрү мөндүрдөн жабыр тартты", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.