14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алды. Ал эми 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "В" тайпасындагы Португалия менен Испания курама командалары беттешет. Беттеш Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда орун алууда.
23:50 Португалия курама командасынын тизмеси:
Дарбазачы: Руй Патрисиу ("Спортинг" Португалия);
Коргоочулар: Седрик Соареш ("Саутгемптон" Англия), Пепе ("Бешикташ" Түркия), Жозе Фонте ("Далянь Ифан" Кытай), Рафаэл Геррейру ("Боруссия" Дортмунд);
Жарым коргоочулар: Виллиам Карвалью ("Спортинг", Португалия), Жоау Моутинью ("Монако"), Бруну Фернандеш ("Спортинг" Португалия), Адриен Силва ("Лестер Сити", Англия);
Чабуулчулар: Криштиану Роналду ("Реал Мадрид", Испания), Гонсалу Гедеш ("Валенсия" Испания).
Башкы машыктыруучу: Фернанду Сантуш (Португалия).
23:55 Испания курама командасынын тизмеси:
Дарбазачы: Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед" Англия)
Коргоочулар: Жерар Пике, Жорди Альба ("Барселона" Испания), Серхио Рамос, Начо Фернандес, ("Реал Мадрид" Испания),
Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс, Андрес Иньеста ("Барселона" Испания), Иско ("Реал Мадрид" Испания), Коке, ("Атлетико Мадрид" Испания), Давид Сильва ("Манчестер Сити" Англия).
Чабуулчулар: Диего Коста ("Атлетико" Испания).
23:57 Командалардын мамлекеттик гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.
00:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып, дүйнөдөгү мыкты курамалардын таймашы башталды.
00:03 Беттеш башталары менен Португалия курамасы пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. Начо атаандашын өз айып аянтчасында жыгылтып, башкы калыс Жанлука Рокки 11 метрлик сокку узатууга жол берди.
00:04 Пенальтини Роналду аткарып, Давид де Хеанын тосуп алуусуна мүмкүнчүлүк берген жок.
00:10 Испан футболчулары тез арада эсепти тең кылып алууга шашылып жатышат. Давид Сильва Костанын чыгарып берүүсүнөн соң сокку узатты. Бирок Сильванын соккусу таамай болгон жок.
00:12 Алгачкы жолу топту бурчтан чыгарып берүүнү Испаниянын футболчулары аткарды. Иско топту оюнга тез кошуп, алдырып жибергенге үлгүрдү.
00:15 Гонсалу Гедеш оң канаттан сокку узатса, коргоочулар топту тосуп алышты.
00:17 Серхио Бускетс эреже бузуп, сары айып кагазын алды.
00:18 Роналду айып соккуну күчтүү аткарды. Топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип, топко испаниялыктар ээлик кылып кетишти.
00:20 Иньеста португалиялык коргоочуларды ылдамдык менен алдап өтүп, айып аянтчада Сильвага пас чыгарып берген. Ал эми Сильва таамай сокку узата алган жок.
00:23 Диего Коста өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтүп, 3 коргоочуну алдап эсепти тең кылды.
00:25 Испания футболчуларынын эсепти 1:2 кылуу мүмкүнчүлүгү ишке ашкан жок. Исконун соккусу дарбазанын таякчасына тийип, топ дарбазага кирбей калды.
00:27 Бруно Фернандеш эреже бузуп сары айып кагазына ээ болду.
00:28 Айып соккуну аткарган Давид Сильва узаткан топ таамай болгон жок. Топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды. Учурда оюн уланууда.
00:31 Беттештин 30-мүнөтү соңуна чыкты. Жарым саат убакытта испаниялыктар 66 пайыз топко ээлик кылса, португалиялыктар топко 34 пайыз ээ болду. Соккулар боюнча 5:3 эсеби менен испаниялыктар алдыда келе жатат.
00:34 Испан футболчулары мыкты оюнун көрсөтүүдө. Иньеста, Жорди Альба жана Иско атаандашынын коргоо бөлүгүн чачыратып, Иньеста сокку узатканга үлгүрдү. Бирок, тилекке каршы, испаниялыктар узаткан топ дарбазага кирбей калды.
00:38 Серхио Бускетс 11 метр аралыктан башы менен сокку узатканга жетишти. Топ дарбазаны ашып өтүп, таамай болгон жок.
00:41 Давид Сильванын пасын кабыл алган Иско дарбазанын жакынкы бурчуна сокку узатканга үлгүрдү. Соккуну көрүп турган дарбазачы секирип тосуп алды.
00:43 Криштиану Роналду эсепти 2:1 кылды. 25 метр аралыктан сокку аткарып, Давид де Хеа тосуп алууга жетишкен жок.
00:45 Жанлукка Рокки негизги убакытка 1 мүнөт кошту.
00:46 Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына келди. 2:1 эсеп менен футболчулар тыныгууга кетишти.
01:02 Оюндун 2-бөлүгү старт алды. Топту оюнга португалиялык футболчулар кошту.
01:05 Испаниялыктар кайрадан топко көбүрөөк ээлик кылып жатса, португалиялыктар контр-чабуулдарды аткарып эсепти алмаштырууга аракет кылып жатышат.
01:10 Моутинью Иньестаны жыгылткандан улам испаниялыктар айып сокку аткармакчы.
01:11 Го-о-ол! Диего Коста 2-голун киргизип, эсепти 2:2 кылды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Бускетс биринчилерден болуп жетип, Диего Костага башы менен чыгарып берген. Ал эми Коста мүмкүнчүлүктү кетирбей гол киргизгенге үлгүрдү.
01:14 Го-о-ол! Начо Фернандес алыскы аралыктан узаткан кооз соккусу менен эсепти 2:3 кылды.
01:22 Топко португалиялыктар ээлик кылып, чабуулга чыгышты. Бирок топ Роналдуга жетпей, испан футболчулары топту тартып алышты.
01:24 Алгачкы алмаштыруу. Португалиялык машыктыруучу Бруно Фернандештин ордуна Жуан Мариуну чыгарды.
01:26 Бир убакытта 2 адис тең футболчуларын алмаштыруу чечимин кабыл алышты. Португалиялык адис Бернарду Силванын ордуна Рикарду Куарежманы чыгарса, испан машыктыруучусу Иньестанын ордуна Тьяго Алькантараны чыгарды.
01:28 Диего Коста мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Мыкты абалдан узаткан соккусу таамай болбой калды.
01:32 Рикарду Куарежма командасына дем берип, португалиялыктарды алдыга чыгарууга аракет жасоодо.
01:33 Испан курамасы 2-алмаштыруусун жасады. 2 голдун ээси Диего Коста оюн талаасын таштап, Яго Аспас оюнга кошулду.
01:36 Португалиянын башкы машыктыруучусу Фернанду Сантуш акыркы алмаштыруусун жасады. Андре Силва Гонсалу Гедештин ордуна оюнга кошулду.
01:43 Оюндагы акыркы алмаштыруу Лукас Васкес Давид Сильванын ордуна оюнга кирди.
01:44 Жерар Пике эреже бузуп, португалиялыктар айып сокку аткарышат.
01:45 Айып соккуну Криштиану Роналду мыкты аткарып, эсепти 3:3 кылып кетти. Муну менен Роналду Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы алгачкы беттешинде эле 3 гол жаратканга үлгүрдү.
01:46 Жанлука Рокки негизги убакытка кошумча 4 мүнөт кошту.
01:51 Калыстын ышкырыгы жаңырып эки мыкты команданын оюну соңуна жетти. Муну менен Португалия жана Испания курама командалары 1 упайдан топтоп, "В" тайпасында 2-орунду ээлешти. Ал эми бул тайпада 1-орунга Иран курамасы ээлик кылууда.