"Силер кооптуу аймактарды билесиңер, бирок аны коопсуздандыруу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүшүңөр керек". Мындай сөздү өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн, 25-июнда министрликтин тиешелүү жетекчилери менен болгон кеңешме учурунда айтты. Анда Боронов өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаменти жаңыланууга, реформаланууга муктаж экендигин баса белгиледи. “Мен сага тийбейин, сен мага тийбе” деп жүрө берүү болбойт. Чечкиндүү чараларды көрүп, тез арада реформаларды жасаш керек. Мен силерден ошону талап кылам. Ооба, силер кооптуу аймактарды билесиңер, бирок аны коопсуздандыруу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүшүңөр керек. Министрликтин жалпы аткара турган жумушуна негизги багытты силер көрсөтүшүңөр зарыл. Азыр болсо, тескерисинче, биз силерге багыт көрсөтүп жүрөбүз”,- деди министр.