Өзбекстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет жасаган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя "Чечме" өткөрмө бекетинде болгон. "30 жаштагы А.Э. аттуу жаран, К.Т. деген жарандын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет жасаган. Чек ара кызматкерлеринин күмөн саноосу документтеги сүрөт менен жарандын окшошпогондугунан улам жаралган. Сурак учурунда А.Э. паспорт тууганына тиешелүү экенин айткан. Кармалган адам милициянын жергиликтүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.