Башкы прокуратура "ата журтчу" 3 депутаттын сотто акталышы күмөндүү экенин билдирди

"Ата Журт" партиясынын үч депутатын актоо боюнча чыгарган шаардык соттун чечиминде күмөн жараткан айрым жагдайлар бар. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Шаардык сот депутаттарга актоо өкүмүн чыгарган жыйындын протоколун азыркыга чейин прокурорлорго көрсөтө элек. Мунун өзү мыйзам бузуу болуп эсептеле турганын билдирет прокуратура. Чыгарылган өкүм боюнча Жогорку Сотко апелляциялык арыз даярдалганы, бирок жогоруда белгиленген себептен улам прокурорлор бул укугун ишке ашыра албай жатканы да айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан