ӨКМ жыл башынан бери 5 миллион 381 000 сомдук авариялык кайра калыбына келтирүү иштерин жасаган

ӨКМнын алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги 2010-жылдан тартып ушул жылдын 1-июнуна чейинки аралыкта 24 миллион 410 429 сомдук авариялык кайра калыбына келтирүү, долбоордук изилдөө жумуштарын аткарган. Бул тууралуу 25-июнда аталган министрликте өткөн кеңешмеде айтылды. Алардын ичинен 2010-жылы авариялык кайра калыбына келтирүү жумуштары үчүн 2 миллион 308 000 сом жумшалса, 2011-жылы ушул жана долбоордук изилдөө жумуштарына 8 миллион 136 000 сом корогон. 2012-жылы бул иштер үчүн 8 миллион 585 041 сом сарпталса, үстүбүздөгү жылдын башынан 1-июнга чейин 5 миллион 381 000 сом жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан