25-июнда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алды. Өлкө башчы министрди кабыл алып жатып “Орусия менен аскер багытындагы кызматташтыгыбыз абдан жемиштүү болот деген үмүттөмүн” деп баса белгиледи. Өз кезегинде Сергей Шойгу акыркы жарым жылдын ичинде бул 2-жолугушуу экендигин белгилеп, “бул жагдай биздин мамлекет башчыларыбыздын, өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы тыгыз мамиле түзүлгөндүгүн дагы бир ирет тастыктайт” деген сөзүн айтты. Ошондой эле ал президент Алмазбек Атамбаевге Орусиянын президенти Владимир Путиндин эң жакшы каалоолорун билдирди. Шойгу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн колдоо программасы каралып, 2014-жылдан баштап Кыргызстанга аскер техникасын жеткирүү болжолдонуп жаткандыгын маалымдады.
Мындан сырткары жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мындан аркы аскер-техникалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери да талкууланды.