Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тогуз-Булак айылында ичүүчү таза суу маселеси төрт жылдан бери чечилбей жатат. Мындай кабарды окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.
Келип түшкөн билдирүүгө ылайык, 2014-жылы аталган аймакта катталган жер титирөөдөн улам айылды таза суу менен камсыз кылган систем жарактан чыккан.
"Андан кийин суу чыгаруучу жабдык, түтүктөрдү кайрадан орнотууга өкмөттөн 11 миллион сом бөлүнгөнүн айылдык кеңештин депутаттары кабарлаган эле. Бирок ошондон бери акча бар болсо да оңдоо иштери бүтпөй келет. Түтүктөр айрым жерлерге коюлса, кээ бир жерлерде жок. Кээ бир жердеги түтүктөр жарылып, суу керектүү дарекке жетпей эле агып жатат. Төрт жылдан бери жергиликтүүлөр жүдөп бүттү", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.
SUPER.KG порталы тиешелүү тараптын ой-пикирин, жообун угуп чагылдырууга даяр.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.